Чек ара: Активисттер тажик элчилигинин алдына чыгышты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

14-апрелде Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдына жарандык активисттер нааразылык акциясына чыгышты. Алар эки өлкөнүн чектеш аймагындагы акыркы жаңжалга тажик президенти Эмомали Рахмонду айыптап, чек араны тынчтык жолу менен тактоону талап кылышты. Милиция айрым жазууларды "агрессивдүү маанайда" деп баалап, көтөрүп чыгууга болбой турганын эскертти.