Ички иштер министрлиги Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагында айыл чарба багытындагы жерди үй курууга уруксаты бар деп сатып жиберген 50 жаштагы жаран кармалганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, шектүү камака алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Өткөн аптада Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев Ак-Ордо конушунун жашоочулары менен жолугушуп, жыл башынан бери эле 13 адам жер мыйзамдарын бузганы үчүн кармалганын билдирген. 2021-жылы "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, жаңы конуштардагы мыйзамсыз салынган турак жайларга документ бериле турганы расмий жарыяланган. Мындан кийин ортодо жерлерди алдап бир нече кишилерге же айыл чарба багытындагы жерлерди саткан шылуундардын пайда болгону айтылып, нааразы болгондор көбөйгөн.
9-апрелде президент Садыр Жапаров "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол коюп, өкмөткө, укук коргоо органдарына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган.
Быйыл мартта Жогорку Кеңеш өлкө боюнча мыйзамсыз турак жай курулган 30 миң гектар жерди документтештирүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган. Ал аянтта 105 миң турак жай, 16 миңге чукул пайдубал уруксатсыз тургузулганы расмий айтылган. (JsA)
Дагы караңыз
Депутаттар кыргыз-казак чек арасындагы тыгынды чечүүнү талап кылды Британиянын "кара тизмесине" өзбекстандык үч аял да илиндиНью-Йорк метросундагы кол салууга шектүү кармалдыРусланбек Акматалиев Асман шаарын куруу долбоорунун башчысы болду Аба ырайы: көпчүлүк аймакта күн ачык болот