Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 14-апрелде бир нече шаардан, анын ичинде курчоодогу Мариуполдон карапайым кишилерди чыгаруу үчүн тогуз гуманитардык коридор ачуу тууралуу макулдашылганын билдирди.
Телеграм-каналдагы маалыматта Бердянск, Токмак жана Энергодар шаарларынын тургундарын эвакуациялоого жол ачылганы, бирок Луганск облусунда оккупациялаган орус күчтөрү аткылоону токтоткондо гана коридор түзүлөрү айтылат.
Украин бийлиги он миңдеген киши Мариуполдо каза тапканын айтып, Орусияны гуманитардык жардам жеткирген кербендердин жолун тосуп жатканын айыптоодо. Азов деңизиндеги стратегиялык порт бир нече жумадан бери орус армиясынын курочоосунда турат.
Расмий Киев ошондой эле өлкө чыгышына орус аскерлери чабуул жасашын эскертип, ал жактагы тургундарды коопсуз жайга көчүүгө үндөөдө. 8-апрелде Донецк облусундагы Краматорск шаарындагы темир жол вокзалы башка жактарга качууга аракеттенген аялдар менен балдарга, кары-картаңдарга толуп турган учурда сокку урулган.
Орусия кол салгандан бери Украинанын 44 миллион калкынын чейреги үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Алардын төрт миллиондон көбү чет өлкөлөргө агылды. (АА)
Дагы караңыз
Нарын менен Ысык-Көлдө үрөн таңкыстыгы жаралды 9-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбойт ЕБ менен Кыргызстандын кызматташтыгы боюнча келишим талкууландыКыргыз-өзбек фондунун алкагында 350 долбоорду ишке ашыруу сунушталат Нью-Йорк метросундагы кол салууга шектүү кармалды