Кыргызстан дары-дармектин 97% чет өлкөдөн импорттойт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин башчысы Канат Бекбоев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Кыргызстанга дары-дармек негизинен отуздан ашык өлкөдөн ташылат. Анда биринчиде Түркия, кийинки орундарды Орусия менен Индия турат. Ошондой эле дары-дармектер көп импорттолгон өлкөлөрдүн катарына Германия, Польша, Словения, Франция Беларус жана Украина кирет.

Бекбоевдин айтымында, былтыр өлкөгө 15,5 миллиард сомдук дары-дармек ташылып, дээрлик 4 миллиард сомго медициналык жабдуу келген.

Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген алты миңден ашуун дары-дармек катталган.

Өткөн айда аталган департамент Кыргызстандын фармацевтика фирмаларында эки-үч айга жете турган дарынын запасы бар экенин билдирген. Анын алдында Министрлер кабинетинде Украина менен Орусияда соңку жагдайга байланыштуу дары-дармек менен камсыздоо маселелери тууралуу кеңешме өткөн.

Дагы караңыз

Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылатРайондук соттогу иш Алмазбек Атамбаевдин катышуусусуз өтмөй болду“Манас айылынын” жерин басып алуу аракети болуп жатканы айтылдыAsia Mall: Донбасс тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлбөйт Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовдун билетине акча бөлүнбөй жатканы айтылды