Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:20

Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовдун билетине акча бөлүнбөй жатканы айтылды


Алдыңкы катарда солдоң оңго карай: Каныкей Кубанычбек кызы, Айсулуу Тыныбекова, Бекдөөлөт Расулбеков, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова. Олимпиадачыларга сыйлык тапшыруу аземинде. 23-август, 2021-ж.
Алдыңкы катарда солдоң оңго карай: Каныкей Кубанычбек кызы, Айсулуу Тыныбекова, Бекдөөлөт Расулбеков, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова. Олимпиадачыларга сыйлык тапшыруу аземинде. 23-август, 2021-ж.

Жогорку Кеңеште 14-апрелдеги жыйынында депутат Шайлообек Атазов кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Монголияда өтө турган күрөш боюнча Азия чемпионатына бара албай жатканын билдирди. Ал буга байланыштуу Финансы министрлигин күнөөлөдү.

"Финансы министрлиги Олимп оюндарынын күмүш медалдалдарынын ээлеринин билетине акча которбой жатат. Бул ошол министрликтеги кыргыз спортун түшүнбөгөн адистердин айынан болуп жатат. Алар болсо "фонд ачып, акчаны элден топтоп барбайсыңарбы" деп айтып жатышыптыр. Бул эмне деген мамиле?"

Бул маселени чукул арада чечүү тууралуу парламенттин төрагасы Талант Мамытов президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, протоколдук тапшырма берди.

Буга байланыштуу Финансы министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты 19-апрелден 24-апрелге чейин Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөт.

2021-жылы Токиодогу Олимп оюндарында Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш байге, Мээрим Жуманазарова коло байге уткан. Айпери Медет кызы Олимпиадада 5-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG