Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу иштей баштады

Кыргызстан менен Түркиянын желектери. Архивдик сүрөт.

Анталиядагы Башкы консулдук Анталия, Мугла, Айдын, Денизли, Бурдур, Ыспарта, Конья, Караман, Нигдэ, Мерсин, Адана, Османие, Хатай, Газиантеп жана Килис аймактарында жашаган Кыргызстандын жарандарына кызмат көрсөтөт.

Президент Садыр Жапаров “Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө” жарлыкка 2021-жылдын октябрь айында кол койгон.

Расмий эсепте Түркияда 20 миңден 25 миңге чейин кыргызстандык бар. Алардын көпчүлүгү Анталия, Измир жана Алания аймактарында жашап, иштейт.

Тышкы иштер министрлиги Башкы консулдуктун иштөө тартибин да жарыялады.

Жарандарга консулдук кызмат күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 9:00дөн 12:00гө чейин жана 14:00дөн 16:00гө чейин көрсөтүлөт. Ал эми документтер күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 16:00дөн 18:00гө чейин берилет.

Консулдук кызмат алуу үчүн www.antalyakonsulduk.com веб-дареги боюнча алдын ала жазылуу керек. (BTo)

Дагы караңыз

Алмазбек Атамбаев ден соолугу начар экенин билдирди“Манас айылынын” жерин басып алуу аракети болуп жатканы айтылдыКыргызстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефондон сүйлөштү ИИМ: чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо иштери жүрүп жататAsia Mall: Донбасс тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлбөйт