Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

ИИМ: чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо иштери жүрүп жатат


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) имараты.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандарга кайрылып, социалдык тармактарда тарап жаткан чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырды. Министрлик өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу максатында ушул өңдүү материалдарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

“Башка мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарга байланышкан маалыматтарды каалагандай бурмалап жана алардын жарандарын мазактаган ар кандай видео-фотоматериалдарды тараткандан алыс болууну сунуштайбыз. Анткени бул аракеттер моралдык этикага туура келбейт. ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Мекеме аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөндөр Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу” беренеси менен жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Чек арадагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алды. Алардын экөө аскер кызматкери.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон жаңжал боюнча 13-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына билдирүү жазды. Өлкө башчы кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты бурмалабай берип, алардын жетекчилерин мазактаган материалдарды таратканды токтотуу керектигин билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG