Аткылоого кабылган "Москва" аскер кемесинин экипажы эвакуацияланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Кара деңиз флотунун "Москва" кемесинин экипажы өрттөн улам коопсуз жайга куткарылды. Бул тууралуу жергиликтүү бир катар басылмалар Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып жазды. Анда крейсер өрттөн улам олуттуу жабыркаганы, өрттүн тутанган себеби иликтенип жатканы айтылат. Жабыркагандар жана өлгөндөр тууралуу маалымат бериле элек.

Мунун алдында Украина "Москва" кемесине ракетадан сокку урганын билдирген. Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Максим Марченко крейсерге "Нептун" ракеталары менен чабуул жасалганын айткан.

"Москва" кемесинин экипажы ар кандай маалыматтарга ылайык, 510дөн 758 адамга чейин болушу мүмкүн. Бул крейсер Орусия Украинага бастырып киргенден кийин, Одесса облусундагы Змеиный аралындагы аскердик операцияга катышкан. Анда бир топ украин жоокери курман болуп, айрымдары барымтага алынганы айтылган.

Дагы караңыз

Сыдыков: Тажикстанга жаңы элчинин дайындалышы менен алака жакшырат деген үмүт бар Быйыл Кадыр түн 28-апрелге караган түнү белгиленет Чек ара: эки тараптуу макулдашуунун аткарылышын комиссия көзөмөлдөйт Кыргыз-немис ишкерлер кеңешинин жыйынына камылга башталды Өзбекстан менен алаканы чыңдоо боюнча депутаттардын өнөктүк тобу түзүлдү