Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Кыргыз-немис ишкерлер кеңешинин жыйынына камылга башталды


Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте 13-апрелде Кыргыз-немис ишкерлер кеңешинин Кыргызстандан дайындалган өкүлдөрүнүн жыйыны өттү. Анда аталган кеңештин алгачкы жолугушуусун уюштуруп, өткөрүүгө байланыштуу маселелер талкууланды.

Агенттиктин башчысы Равшан Сабиров Германия менен кызматташуунун негизги багыттары катары жашыл экономика, агроөнөржай, экспортту өнүктүрүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, машина куруу, билим берүү, өнөр жай жана курулуш тармагын атады. Ал ошондой эле ишкерлерди эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык алаканы чыңдоо жаатында көмөктөшүүгө чакырды.

Кеңештин кезектеги жолугушуусу 27-апрелге белгиледи.

Буга чейин май айында Бишкекте кыргыз-немис бизнес форуму өтөрү маалымдалган.

XS
SM
MD
LG