Депутат Айбек Осмонов "Газпром Кыргызстандын" ишин сындады

Газ бөлүштүрүүчү түтүкчө. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов "Газпром Кыргызстан" ишканасынын жумушун сындап, орус тарап келишимдеги макулдашууларды аткарбай жатканын белгиледи. Бул тууралуу 13-апрелде парламент жыйынында билдирип, аталган ишкананын жетекчилигин чакырып, маалымат алууну сунуштады:

“Учурунда "Кыргызгазды" 1 АКШ долларына сатканбыз. Келишимдерди бирин да аткарган жок. Бир долларын кайтарып берип, өзүбүз алып иштеткенге туура келүүдө. Эки тараптуу милдеттемелерин аткарбай жатат, газ менен камсыздоо иштери жылган жок, баасы кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу кымбат. Бизге ушундай мамиле кылса боло береби? Орусия келишим түзгөндөн кийин сөзүндө турбайбы?"

Депутаттын аталган компаниянын өкүлдөрүн парламентке чакыруу үчүн тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырма берүү тууралуу сунушуна кандай жооп болгону белгисиз.

"Газпром Кыргызстан" тараптан да азырынча комментарий боло элек.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы Оруcиянын “Газпромуна” сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага "Ошгаз" ишканасы да өткөн. Ортодо түзүлгөн келишимде компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд. рубль жумшоону убада кылган. (JsA)

Дагы караңыз

Өндүрүш Токтонасыров чек ара чырына байланыштуу акцияга чыктыАлмазбек Атамбаев башка абакка которулары кабарландыУкраинада 13-апрелде гуманитардык коридорлор ачылбайтКыргызстандын эли тузду мерчемден 2,5 эсе көп колдонот Өзбекстан Фергана өрөөнүндө эл аралык аэропорт курууну пландап жатат