Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Кыргызстандын эли тузду мерчемден 2,5 эсе көп колдонот


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун акыркы эсептөөсү боюнча, Кыргызстанда 18 жаштан жогорку калктын 56,2% ашыкча салмакта.

Аялдарда бул көрсөткүч жогорку деңгээлде.

25 жаштан 64 жашка чейинки калктын 43% артериалдык кан басым оорусу менен жабыркайт.

Мындай маалымат 13-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги менен эл аралык уюмдар өткөргөн "жугуштуу оорулардын алдын алууга" багытталган форумда айтылды.

Жалпысынан элдин 23,1% ашыкча салмактан жабыркай турганы белгилүү болду.

Жыйында жүрөк, кан тамыр оорулары, кант диабетинен каза болгондор жалпы өлүмдүн 80% жеткени айтылды. Кыргызстандыктар тузду жалпы белгиленген стандарттан 2,5 эсеге көп колдонору аныкталды.

13-апрелге карата өлкө калкы 6 млн. 705 529 деп эсептелди. Күнүнө 107 киши каза болуп, 400дөн ашуун наристе төрөлүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG