Ак-Сай өрөөнүнө жол ачылды

Ак-Сай өрөөнүнө барчу Кында ашуусу.

Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө барчу Кында ашуусуна түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы 13-апрелде билдирди.

Облустук бийликтин маалыматына ылайык, жол ачылганы менен кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турат.

Өткөн айда аталган кыштоого бир метрдей кар жаап, жол жабылып калган.

Ак-Сай өрөөнүндө Ат-Башы районуна тиешелүү кыштоолордо 79 түтүн малчы бар. Алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен жалпы 179 жан болсо, анын ичинен 56сы балдар.

Атбашылыктар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана облустук бийликтен жардам сурап кайрылышкан. (JsA)

Дагы караңыз

Өндүрүш Токтонасыров чек ара чырына байланыштуу акцияга чыктыКазакстан өлкөгө келген орус жарандары көбөйгөнүн билдирди Депутат Айбек Осмонов "Газпром Кыргызстандын" ишин сындадыМуфтият ажылыкка кезекте тургандарды вакцина алууга чакырдыКиев Мариуполдо аскерлер Орусияга багынды деген маалыматты ырастаган жок