Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

Казакстан өлкөгө келген орус жарандары көбөйгөнүн билдирди


Алматы шаары. Иллюстрациялык сүрөт
Алматы шаары. Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын Ички иштер министрлиги өлкөгө келген орус жарандары көбөйгөнүн маалымдады.

Алардын арасында убактылуу жашоого уруксат сурагандар көп экенин ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев билдирди. Ал миграциялык процесстер көзөмлгө алынганын кошумчалады.

Парламентте маалымат берген вице-министр бир кварталда мурда 350-400 арыз түшсө, азыр орусиялык 1055 жаран убактылуу жашоого уруксат сурап кайрылганын айтты.

Ички мекеменин маалыматына караганда, 1-январдан бери Казакстанга 457 миң чет өлкөлүк келген, алардын көбү Өзбекстандын жана Орусиянын тургундары. Кожаев 24-февралдан 11-апрелге чейин 130 миң орусиялык кирип, 120 миңден көбү чыгып кеткенин, былтыркы жыл менен салыштырганда бул эки эсеге көп экенин, ошол эле маалда пандемия учурунда чек аралар жабык турганын белгиледи.

"Ушу тапта казак жергесинде орусиялык 130 миң киши жүрөт, жыл башынан бери орусиялык 170 жана украиналык жети киши жарандык сурап кайрылган, былтыркы сандар дээрлик ушундай эле болчу", - деп тактады вице-министр.

Москва Украинага кол салган 24-февралдан бери Орусиянын он миңдеген жараны чет өлкөлөргө кетип калды. Маалымат каражаттары алардын айрымдары эртеңки күндү ойлоп, аларды согуш ачкан мамлекет менен байланыштырбасын деп, башкалары экономикалык кризистен чочулап чыгып кетүүнү оң көргөнүн жазышууда.

XS
SM
MD
LG