Кыргызстандык спортчу Зулкайнар Шайбек уулу АКШнын Орландо шаарында өткөн жиу-житсу боюнча PAN American championship эл аралык мелдешинде күмүш медал утту.
Мелдеште спортчу көк кур категориясында 64 килограммга чейинки салмакта чыгып, үч атаандашын уткан. Финалда колумбиялык Рикардо Е Каламариге жеңилип калды.
Ал март айында Даллас шаарында өткөн IBJJF Dallas open эл аралык мелдешинде спорттун ушул түрүнөн 68 килограммга чейинки салмакта No-Gi категориясында алтын, Gi категориясында күмүш медалдын ээси болгон.
30 жаштагы спортчу Зулкайнар Шайбек уулу көп жылдан бери АКШда жашап, машыгып, Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып жүрөт. Ал жиу-житсу боюнча Калифорния штатынын эки жолку чемпиону. (GT)
Дагы караңыз
Кыргызстандык балбан кыздар АКШдагы мелдеште байге утту "Тамак-ашсыз калдык": Шанхайдагы катаал карантинЖер басып алгандарга жаза оорлойтЖоголгон миллиондор: Бакиевдерге суроо