Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:23

Кыргызстандык балбан кыздар АКШдагы мелдеште байге утту


Таңчолпон Кыбалбекова, машыктыруучулар Үсөн Рыскулов, Максат Рыскулов жана Арууке Казыбек кызы. Олбани шаары, Нью-Йорк штаты, АКШ. 10-апрель, 2022-ж.
Таңчолпон Кыбалбекова, машыктыруучулар Үсөн Рыскулов, Максат Рыскулов жана Арууке Казыбек кызы. Олбани шаары, Нью-Йорк штаты, АКШ. 10-апрель, 2022-ж.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаш балбан кыздары АКШда өткөн эл аралык мелдеште күмүш жана коло медалды жеңип алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аларды коштоп барган машыктыруучу Үсөн Рыскулов билдирди.

Анын маалыматына караганда, мелдеш 10-апрель күнү АКШнын Нью-Йорк штатынын Олбани шаарында өттү. 55 килограмм салмакта күрөшкөн Арууке Кадырбек кызы күмүш, 58 килограмм салмакта Таңчолпон Кыбалбекова коло байгени уткан.

Окуу жана машыгуу менен коштолгон эл аралык медешке 19 мамлекеттин спортчулары катышууда.

“Арууке Кадырбек кызы эки атаандашынын далыларын килемге басып, 5:0, 4:0 эсебинде таза жеңди. Жарым финалдагы атаандашын 10:0 эсебинде утту. Кийин финалда жеңилип, күмүш байге алды. Арууке эки жарым жылдан бери эле күрөшүп жүрөт. Кыска мөөнөттө ушундай жыйынтыкка жетти. Ал эми Таңчолпон Кыбалбекова эки атаандашын жыгып, жарым финалда утулуп, 3-орун үчүн беттеште жеңишке жетти. Ал беш жылдан бери күрөшүп жүрөт”,-деди машыктыруучу Үсөн Рыскулов.

Таңчолпон Кыбалбекова кадеттер арасында Дүйнө чемпионатында 5-орунду ээлеген. АКШга барган кыргызстандык балбан кыздардын арасында Кыргызстандын бир нече жолку чемпиондору, кадеттер арасында Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси Күмүшай Жооданбекова бар.

Мелдешке Кыргызстандан 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы тогуз кыз жана үч машыктыруучу барган. Кыздар Бишкек шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорт мектебинде машыгат. Алардын АКШга барган чыгымын аталган спорт мектеби көтөргөн.

Кыргызстандык жаш балбан кыздар АКШда машыктыруучулары менен. 6-апрель, 2022-ж.
Кыргызстандык жаш балбан кыздар АКШда машыктыруучулары менен. 6-апрель, 2022-ж.

Мелдеш 6-апрелден башталып, АКШнын Нью-Йорк жана Пенсильвания штаттарынын Олбани жана Рединг шаарларында 15-апрелге чейин уланат. Аны Journeymen Wrestling Club клубу АКШнын күрөш федерациясы менен биргеликте уюштурган.(ECh)

XS
SM
MD
LG