Рим папасы Франциск сентбярда Казакстанга барат

Рим папасы Франциск.

Рим папасы Франциск сентябрда Казакстанга барат. Бул тууралуу Ак ордо жана Ватикан 11-апрелде билдиришти.

Казак президентинин кеңсеси билдиргендей, Рим папасы Казакстанга расмий сапар менен барарын жана 14-15-сентябрда өтө турган Дүйнөлүк жана салттуу диндердин VII конгрессине катышарын ырастаган.

Аталган конгресс диндер аралык байланышты кеңейтүүгө багытталган. Биринчи мындай жыйын 2003-жылы болгон.

85 жаштагы Франциск 2013-жылы шайлангандан бери Борбор Азияга бара элек болчу.

Ал Орусиянын Украинага кол салышын бир нече жолу айыптап, согушка каршылыгын билдирген.

Дагы караңыз

Алтайдан Таласка 35 марал алып келинетNext TV каналынын кызматкери милицияда сурак берип чыкты“Ысык-Көл” мейманканасынын карызын төлөөгө 42,5 миллион сом бөлүнөтХоккей федерациясынын жетекчисин шайлоого нааразылык чыкты