Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:27

Алтайдан Таласка 35 марал алып келинет


Иллюстрация сүрөт. Нарындагы "Бугу-марал" жаратылыш коругу.
Иллюстрация сүрөт. Нарындагы "Бугу-марал" жаратылыш коругу.

Орусиянын Алтай Республикасынан Таласка 35 баш марал алып келүү каралууда. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облус башчы Бакытбек Нарбековдун Алтай Республикасына болгон иш-сапарынын алкагында макулдашылып, саны азайып бараткан маралдардын популяциясын калыбына келтирүү, көбөйтүү максатында Бакай-Ата районундагы Үр-Марал өзөнүнө 35 марал коё берилет.

Иш-чара тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата уюштурулууда. (MKt)

XS
SM
MD
LG