Жарасул Абдураимов “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат ишкананын расмий сайтына жарыяланды.
Анда кадрдык дайындоону Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 11-апрелде Министрлер кабинетинин жетекчиси менен макулдашып жасаганы айтылат. Жаңы жетекчини ушул эле күнү “Кыргызалтындын” жамаатына премьер-министрдин орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.
62 жаштагы Жарасул Абдураимов Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. 2013-2015-жылдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасында иштеген. “Ысык-Көл облусунда өнөр жайды өнүктүрүү жана жумушчу орундарды түзүү” долбоорун жетектеген. 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин Экономика жана коммерция министринин орун басары кызматын аркалаган.
“Кыргызалтын” компаниясын буга чейин экс-депутат Умбеталы Кыдыралиев жетектеген.
Кыргыз бийлиги Кумтөр алтын кенин иштетип келген Канаданын “Центерра Голд” компаниясы менен ортодогу талаш-тартышты чечкен макулдашууга 4-апрелде кол койгон. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан алтын кенине эми толук ээлик кыларын жарыялаган.
Макулдашууга ылайык, Кыргызстан “Центерра Голд” ишканасына карата бардык экологиялык доодон баш тартып, “Кыргызалтындын” 26% акциясын өткөрүп берди. (BTo)
Дагы караңыз
Зеленский Украинага кошумча жардам өтө зарыл экенин билдирдиМэрия “Экспресс-Строй KG” менен келишим түзүлбөгөнүн билдирдиБалдарын электрондук кезекке тургуза албай жаткандар министрликке бардыПрокуратура: мас айдоочуларды жашырган ИИМ кызматкерлери аныкталдыThe Times: Швеция менен Финляндия жакында НАТОго кошулушу мүмкүнАвстриянын канцлери Карл Нехаммер Путин менен жолугатДүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы быйыл 5% төмөндөшү мүмкүн