Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Австриянын канцлери Карл Нехаммер Путин менен жолугат


Австриянын канцлери Карл Нехаммер.
Австриянын канцлери Карл Нехаммер.

Австриянын канцлери Карл Нехаммер 11-апрелде Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. Бул Орусия Украинага кол салгандан бери Путин менен Европа мамлекеттеринин лидеринин алгачкы жолугушуусу болот.

"Мен Москвада Владимир Путин менен жолугам. Биз аскердик жаатта бейтарап болуп келгенбиз, бирок Украинага каршы Орусиянын агрессиясына каршы так позициябыз бар. Ал токтошу керек. Гуманитардык коридорлор түзүлүп, ок атышуу токтоп, согуш, согуш кылмыштары толук иликтениши керек",-деп жазды Нехаммер Твиттерге.

Ал арада Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Люксембургда Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан менен жолугуп, Украинада орус аскерлери барган ыктымал согуш кылмыштарын талкуулашат.

Москва карапайым тургундарга сокку урганын четке кагып келет, анткен менен Украинада карапайым адамдарга каршы жасалган аёосуз мамилелерди далилдеген көп видео-сүрөттөр чыгып жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, орус армиясынын чабуулдарынан кеминде 300дөй медициналык мекеме жабыркады. Бучада орус аскерлери чыгып кеткенден кийин көчөлөрдө калган ондогон адамдардын сөөктөрү эл аралык коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Орусия Бучадагы көрүнүштөр атайылап уюштурулганын билдирип келет.

Орусияга кол салган 24-февралдан бери 44 миллион калктуу Украинанын төрттөн бир бөлүгүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болду, бир нече шаар урандыларга айланды, миңдеген адамдар набыт кетти. Алардын көбү жайкын тургундар.

XS
SM
MD
LG