Словакия Украинага C-300 абадан коргонуу системасын берди

С-300 ракеталык комплекси.

Словакиянын премьер-министри Эдуард Хегер расмий Братислава Украинага C-300 абадан коргонуу системасын бергенин 8-апрелде Твиттер аркылуу ырастады.

"Украин эли өз суверендүүлүгүн жана бизди да эрдик менен коргоп жатат. Орусиянын агрессиясынан кыйылып жаткан адам өмүрүнө көңүлкош болбой, обочодо турбай жардам берүү - бул биздин милдет", - деп жазды Хегер.

Словак премьер-министри Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен, Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел менен чогуу жума күнү Киевге келип, украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Зеленский C-300 системасы тууралуу алгач өткөн айда АКШ Конгрессине кайрылуу жасаганда сөз кылган. Ал мындай системада Украинанын аба мейкиндигин орус учактарынан жана ракеталарынан коргоого жардам берерин белгилеген.

Алгач Советтер Союзунда жасалган C-300 ракетасы канаттуу ракеталарды жана согуш учактарын жүздөгөн чакырым алыстыктан атып түшүрө алат. Мындай система НАТО мүчө мамлекеттердин ичинен Словакиядан тышкары Болгарияда жана Грекияда бар.

Буга чейин расмий Братислава C-300 системасын Украинага берүүгө даяр экенин, бирок анын ордун толтуруу зарылдыгын билдирген.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров: "Жетим-Тоо" боюнча чет өлкөлүк адистер иштеп жатат (видео)Соңку 20 жылда биринчи жолу кыргыз элчиси Израилде ишке киришти Муса Жаманбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болдуКраматорскиде чабуулда өлгөндөрдүн арасында балдар да барУКМК маңзаттарды сатууга мажбурлаган милиция кызматкери кармалганын билдирди