Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:26

УКМК маңзаттарды сатууга мажбурлаган милиция кызматкери кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы (УКМК) маңзаттарды сатууга мажбурлаган Талас шаардык милициясынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкери шаарынын тургунун баңги зат сатууга мажбурлап, баш тарта турган болсо кылмыш жоопкерчилигине тартарын айтып коркуткан.

Факты Кылмыш-жаза кодексинин "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК 23-мартта маңзаттарды сатуу менен алектенгендерди коргоп жүргөн, ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, милициянын подполковниги кармалганын билдирген.

2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм баңгизатын алган. 2021-жылы 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган. (MKt)

XS
SM
MD
LG