Украинанын Краматорск шаарындагы темир жол вокзалына урулган аба чабуулунан каза тапкандардын саны 39 кишиге жетти. Украинанын Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз өкүлү Артем Дехтяренко билдиргендей, орус күчтөрүнүн ракета соккусунан мерт болгондордун арасында төрт бала бар.
8-апрелде шаар тургундарын эвакуациялоо иши жүрүп жаткан маалда урулган соккудан жүздөй адам жараат алды. Интернетке жарыяланган видео жана сүрөттөрдөн темир жол бекетинде чемодан жана рюкзактардын арасында ондогон адамдын өлүгү жатканын көрүүгө болот.
Бул окуя боюнча Украинанын коопсуздук кызматы "Согуш эрежелерин жана салттарын бузуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Украин бийлиги орус тарап "Точка-У" ракетасын колдонгонун билдирип жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чыгышына урулган бул соккуга тиешеси жок экенин маалымдап, бул чабуулду "чагым" деп мүнөздөдү.
Буга чейин айрым украин басылмалар орус тарап "Искендер" ракеталарын колдонгонун жазышкан.
Украинанын чыгышындагы шаарды бутага алган бул чабуул Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен, Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел жана Словакиянын премьер-министри Эдуард Хегер президент Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Киевге келген маалда болду.
Дагы караңыз
Бишкек ЖЭБдин кызматкерлери көчүрүүгө каршы акцияга чыгышты УКМК маңзаттарды сатууга мажбурлаган милиция кызматкери кармалганын билдирдиЫсык-Көлгө күн электр станциясын куруу меморандумуна кол коюлду УКМК Исмаилов менен Алимжановдун диплому жасалма экенин БШКга билдирди Депутат Фархат Исмаилов диплому жасалма экенин четке какты