Евробиримдик Орусиядан көмүр албай турган болду

Еврокомиссиянын Брюсселдеги баш кеңсеси.

Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын бешинчи пакетин жактырды. Уюм 8-апрелде жарыялагандай, жаңы кабыл алынган санкциялар Орусияны көмүр, транспорт, финансы сыяктуу алты багыт боюнча бутага алат.

Ага ылайык, Еврошаркет Орусиядан көмүр алууну токтотот. Орусиянын төрт банкына эл аралык транзакцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат жана алардын мүлкү камакка алынат.

Ошондой эле Орусиянын жана Беларустун жүк ташуучу фирмалары Евробиримдиктин аймагында иштей албай калат. Орус желеги менен жүргөн кемелер да Еврошаркеттин портторуна киргизилбейт.

Мындан тышкары Орусияга жалпы баасы 10 миллиард доллардык товарларды экспорттоого тыюу салынат. Алардын арасында машина куруу жана технология тармагында колдонулуучу товарлар бар. Буга кошумча Евробиримдик Орусиядан цемент, жыгач, арак жана деңиз азыктары сыяктуу жалпы баасы 5,5 миллиард доллардык товар жана продукциялары алууну токтотот.

Евробиримдик жаңы чаралар буга чейинки төрт санкциялык пакет менен бирге "Кремлге экономикалык басым көрсөтөрүн жана анын Украинадагы баскынчылыгын каржылоону аксатып коёрун" билдирди.

Бир күн мурда орус премьер-министри Михаил Мишустин парламентте отчет берип, "мурда болуп көрбөгөндөй санкцияларга" карабастан орус экономикасы жана финансы тармагы аман калганын айткан.

Дагы караңыз

Прокуратуранын сунушу менен Чүйдө айыл өкмөт башчысы кызматтан алындыКраматорсктогу ракета соккусунан кеминде 30 киши мерт болдуТаласта курула турчу "Атлах" мемориалдык комплексинин долбоору тандалдыАтамбаевди сотко мажбурлап алып алып келүү тууралуу чечим чыкты Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө 2023-жылы өтүшү мүмкүн