Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:06

Краматорсктогу ракета соккусунан кеминде 30 киши мерт болду


Краматорсктун вокзалындагы эвакуация, 4-апрель 2022-жыл.
Краматорсктун вокзалындагы эвакуация, 4-апрель 2022-жыл.

Украинанын Краматорск шаарындагы темир жол вокзалында орус күчтөрүнүн ракета соккусунан кеминде 30 киши мерт болуп, 100дөн ашууну жараат алды. Бул тууралуу Украинанын мамлекеттик темир жол компаниясы билдирди. Маалыматка ылайык, чабуул 8-апрелде вокзалда шаардагы жайкын тургундарды эвакуациялоо иши жүрүп жаткан учурда болгон.

"Краматорск темир жол станциясына эки ракета тийди", - деп билдирди "Украин темир жолу" компаниясы.

Интернетке жарыяланган видео жана сүрөттөрдөн темир жол бекетинде чемодан жана рюкзактардын арасында ондогон адамдын өлүгү жатканын көрүүгө болот.

Айрым украин басылмалары Орусиянын армиясы Краматорсктогу вокзалга "Искендер" ракеталары менен сокку урганын жазып жатышат. Азырынча Орусиянын Коргоо министрлиги бул окуя тууралуу маалымат бере элек.

Украинанын чыгышындагы бул чабуул Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен, Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел жана Словакиянын премьер-министри Эдуард Хегер президент Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Киевге келген маалда болду.

Орусия Украинага басып киргенине алты жумадан ашты. Орус аскерлери Украинанын түндүгүндөгү аймактардан чыгып кеткени менен жакын арада өлкө чыгышындагы Донбасска чабуул коюуга камданып жатканын украин бийлиги жана Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары эскертип жатышат.

XS
SM
MD
LG