Прокуратуранын сунушу менен Чүйдө айыл өкмөт башчысы кызматтан алынды

Прокуратуранын сунушу менен Чүйдүн Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан алынды.

Башкы прокуратуранын 8-апрелдеги маалыматына караганда, райондук прокуратура аталган айыл өкмөттө жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын текшергенде, муниципалдык жер участокторун жеке менчикке тооруксуз (аукционсуз) сатып жибергендиги аныкталган. Ага айыл өкмөт башчынын тиешеси бар экени айтылып, акимчиликке аны ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилген. Райондук администрация бул сунуш менен айыл өкмөт башчыны иштен алган.

"Азаттык" азырынча айыл өкмөт башчынын аты-жөнүн тактай алган жок жана комментарий ала элек.

Дагы караңыз

Краматорсктогу ракета соккусунан кеминде 30 киши мерт болдуЭл үнү: "Үйдө отурган келиндерге декрет акча төлөнсүн"Атамбаевди сотко мажбурлап алып алып келүү тууралуу чечим чыкты Орусиялык компаниялар Түркияга кете баштады