ӨКМ кар көчкү жана сел коркунучун эскертти

Лейлек районундагы сел алган үй, 2-май, 2020-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-апрелден 10-апрелге чейин температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында суу кириши мүмкүн экенин билдирди. Министрлик тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучун эскертти.

Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун айрым участокторунда (Төө-Ашуу, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Кара-Гөө ашуусу, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чон-Ашуу ашуусусунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Соңку бир аптада күн катуу ысып, абанын температурасы 30 градуска чейин жетти.

Дагы караңыз

Pink Floyd Украинага арнап ыр жазды"Жалалабатэлектро" ишканасынын мурдагы башчысы камалды Соңку бир күндө коронавирус бир адамдан аныкталдыПесков Украинадагы согушта Орусиянын олуттуу жоготууларын моюнга алды