Башкы прокуратура электр энергиясына болгон дебитордук карыздын мыйзамсыз жоюлганына байланыштуу "Жалалабатэлектронун" жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөлдөөчү орган 2015-2021-жылдар аралыгында аталган ишкана жалпы көлөмү 114 миллион сомго жакын карызды негизсиз жойгонун билдирди.
"Бул кылмышка шек саналып ишкананын мурдагы жетекчиси М.К.А Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергеп-иликтөө уланып жатат", деп айтылат маалыматта.
Бул ишкананы 2019-жылга чейин Маматканов Кеңешбек Апсалиевич жетектеген.
"Жалалабатэлектро" облустагы 232 миңге жакын кардарга кызмат көрсөтөт жана анда 1,5 миңден ашык адам иштейт.
Дагы караңыз
Мугалимге айлык менен кошо талап да жогорулайтЭнергетикадагы реформа: Эки гана компания калатЧек арадагы аткезчиликтен ага-ини окко учтуПарламент баш прокурордун отчетун колдоду Жасалма диплом: тизмеге министр жана мэр кошулду