Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Парламент баш прокурордун отчетун колдоду


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте аталган органдын былтыркы жылдагы иши тууралуу отчёт берип, коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштер жөнүндө депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Башкы көзөмөл органынын жетекчисинин отчетундагы урунттуу учурларды чогулттук.

“Кооз отчётко" айтылган сын

Жогорку Кеңеште 6-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев бир сааттык отчётунда 2021-жылдагы көзөмөл жүргүзүү, сандар, статистика сыяктуу бир жыл ичинде жасалган иштерди айтып берди. Бирок, айрым эл өкүлдөрү башкы көзөмөл органдын ишине сын айтышты. Депутат Дастан Бекешев аягына чыкпай жаткан иштерди санады.

“Отчет кооз, бирок кемчиликтерди дагы айтыш керек. Айзада Канатбек кызы боюнча милиция жоопкерчиликке тартылган жок. Учурда кызматкерлер иштеп жатышат. Койдой уурдап кеткен Орхан Инанды үчүн эч ким жооп берген жок. Мыйзамсыз курулуштар канча болуп жатат. Өзүм жөнүндө айтсам, мени террорчу катары көрүп, телефонумду тыңшоого сот уруксат берип жатат. Мейли, телефонумду уга берсин. Июль айында иш сапар менен өлкөдөн чыгайын десем, аябай эзип анан чыгарышты”, - деди Бекешев.

Курманкул Зулушев отчётто айтылгандар жасалган иштер экенин белгилеп, ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын ишиндеги “шалаакылык” боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Экс-президенттердин кылмыш иши

Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев камактагы атасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ырайымсыз мамиле болуп жатканын айтып, Зулушевди көзөмөлгө алууга чакырды.

“Ушуну көзөмөлдөп бериңиз. Камерадан сүйрөп чыкты, атамдын буту-колу сыйрылганын өз көзүм менен көрдүм. Сотту күндө коюп салды. Жактоочулар менен күбөлөр окууга келгендей күндө келишет”, - деди Атамбаев.

Зулушев "Алмазбек Атамбаев соттук отурумдун бардык шарттарын сактап, жактоочулары атайын создуктурбастан ишти улантуусу керек" деп жооп берди. Ошондой эле Атамбаевдин ишинде эч кандай саясий кызыкчылык жок деп айтты.

Сеидбек Атамбаев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен адвокат Нурбек Токтакуновго мыйзамда көрсөтүлгөндөй бирдей мамиле жасалбай, жактоочу сотторду тилдегени үчүн беш суткага камалышы боюнча суроо узатты.

Зулушев министрге карата чара көрүлүп жатканын, эскертүү, кызматтык этиканы бузганы үчүн Министрлер кабинетине эки сунуш берилгенин маалымдады.

"Ал эми Токтакунов судьяга ошондой сөз айтып жатса, биз мамлекет болгондон кийин тартипти сакташыбыз керек да. Жактоочу үлгүлүү болуш керек, жанагыдай сөздөрдү айтып, коомчулукта пикир жаратып жатат", - деди Зулушев.

Депутат Жанарбек Акаев 2010-жылдагы 7-апрель окуяларына айыпталып, соттолгондор анын ичинде Бакиевдердин ишине кызыкты.

“Кандуу бийлик кулаганына туура 12 жыл болот. Өлгөндөрдүн саны быйыл 152 киши болду. Ошондо 87 адам болсо, андан бери жаракат алгандар дагы каза болуп жатат. Бакиевдерди, Жаныш Бакиевди баш кылып алып келип, жоопко тартуу иштери жасалып жатабы?” - деди Акаев.

Зулушев бул боюнча бир нече жолу кат жөнөтүлгөнүн белгилеп, башка өлкө (Беларус-ред.) берүүдөн баш тартып жатканы үчүн Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүү мүмкүн болбой жатат деген жооп кайтарды.

Ошондой эле Зулушев мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баш болгон 27 мурдагы жогорку кызмат адамдарына “Кумтөр иши” боюнча кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын маалымдады. Анын белгилешинче, иш ачылгандардын арасында мурдагы алты премьер-министр бар. Алардан сегиз адамга айыптоо өкүмү чыккан. Өлкөнүн сыртында жүргөн жети адамдын жана башка шектүүлөрдүн иши тергелип жатат.

Өлкөдөгү коррупция жана каржылык кылмыш

Курманкул Зулушев акыркы он жылда өлкөдө мамлекеттик кызматта коррупция тамыр жайганына токтолду. Анын айтымында, жыл ичинде мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 2 млрд. 21 млн. 755 миң сомду түзүп, анын 1 млрд. 851 млн. 964 миң сому өндүрүлгөн.

2020-жылы пандемия күчөп турган учурда сырттан алынган каражаттардын сарпталышы боюнча да сөз болду. Депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып, "сырттан келген 67 млн. доллар боюнча тергөө жүрүп жатат" деди.

Акыркы жылдары өлкөдө каржы пирамидасы гүлдөп, былтыр үч миңдей адамдан жабыркаганы айтылды. Алар түрдүү каржы пирамидалардан 400 млн. сомдой чыгым тартышкан.

Сирияда 500 кыргызстандык аял бар

Башкы прокуратуранын былтыркы жылдагы иши тууралуу отчету угулган парламент жыйынына өлкөнүн күч органдарынын башчыларынын орун басарлары да катышты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Рустам Мамасадыков депутаттын Сириядагы кыргызстандыктар жөнүндө суроосуна жооп берди. Мамасадыковдун маалыматына ылайык, учурда Сириянын абактарында 500дөй аял балдары менен кармалып турат. Алардын мекенине кайтаруу аракети уланууда. 2021-жылы Кыргызстанга Сириядан 79 бала алып келинген.

Зулушев жыйында Тажикстандын абактарында кармалып турган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, тажик абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатат, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар. Абакта отургандардын маселеси жакын арада пландалып жаткан Тажикстандын баш прокурору менен жолугушууда талкууланышы мүмкүн.

Ошентип, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин өткөн жылдагы отчетун парламент бир добуштан колдоп берди.

Башкы прокуратураны 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин башкарып келе жаткан Курманкул Зулушев 2021-жылы ноябрь айында президент Садыр Жапаровго прокуратурадагы коррупцияга жол бербөөгө убада бергени бар. Жаңы бийликтин тушунда бул органдын укуктары бир топ кеңейтилди.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG