Президенттин Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Эркин Тентишев

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевди ээлеген кызматынан алуу тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Тентишев бул кызматка 2021-жылдын 16-июлунда дайындалган эле.

Ал февраль айында Чүй облусунун аймактарында жер басып алган, айдоо талааларына үй салып жаткан учурлар болуп жатканын айтып, мындай учурларга катуу чара көрүлөт деп кайрылуу жасаган. Андан кийин мыйзамсыз жер басып алууларды токтотконун, айдоо талааларын турак жай үчүн саткан учурларга чара көрүлүп жатканын билдирген.

Жапаров кол койгон дагы бир буйрукка ылайык, Эркин Тентишев коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.

Эркин Тентишев 1962-жылы туулган. Ал С.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү. Тентишевдин уулу Бакыт Тентишев “Ынтымак” саясий партиясынан VII чакырылыштагы парламенттин депутаты. (KS)

Дагы караңыз

Хельсинки комитети Кыргызстандагы сөз эркиндигине байланыштуу билдирүү тараттыКыргыз эл артисти Марат Алышпаев дүйнөдөн кайтты“Урал аба жолдору” Кыргызстанга жаңы авиакаттамдарды ачууда