Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:20

Хельсинки комитети Кыргызстандагы сөз эркиндигине байланыштуу билдирүү таратты


Таалайбек Дүйшөнбиев.
Таалайбек Дүйшөнбиев.

Норвегиядагы Хельсинки комитетинин расмий сайтына кыргыз бийлигин көз карандысыз Next TV маалымат каражатынын негизсиз жабылышын жокко чыгарып, анын директору Таалайбек Дүйшөнбиевди эркиндике чыгарууга чакырган билдирүү жарыяланды.

Анда уюмдун башкы катчысы Гейр Хоннеланд журналисттик ишмердүүлүгү үчүн өч алуу болбошу керектигин белгилеген.

“Журналисттик ишмердүүлүгү үчүн өч алуу максатында ЖМК кызматкерлерине кылмыш ишин козгоо Кыргызстандагы басма сөз эркиндигине жол берилгис кол салуу болуп саналат. Биз Кыргызстандын бийлигинен дароо айыптарды алып салууну, Дүйшөнбиевди бошотууну жана Next TV телеканалын жабууну жокко чыгарууну талап кылабыз”, - деген Гейр Хоннеланд.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Башкы прокуратуранын Next TV телеканалы тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык, сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматты экстремисттик деп тапкан. Ал эми телеканалдын ишин токтотуу, анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу өтүнүчүн четке каккан.

Прокуратуранын сотко кайрылышан Next TV телеканалынын соцтармактагы баракчаларына жарыяланган Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаев билдирүүсү тууралуу кабар негиз болгон деп көрсөтүлгөн.

Аталган медиага карата Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген 330-беренесинин негизинде иш козгогон. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салган.

5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган. Кийин райондук соттун бул чечимин шаардык сот да колдогон.

Жарандык активист, саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат жана жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева Улуттук коопсуздук кызматына Next TV телеканалына байланыштуу 1-апрелде суракка чакырылган

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп баалаган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматты таратууда этият болуу жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту февраль айынан тартып Айсулуу Кудайбердиеванын дагы бир ишин карай баштаган. Активистке Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатканы белгилүү болгон. Кудайбердиева бул иштердин баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

XS
SM
MD
LG