Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, соңку суткада Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру аныкталган жок. Каза болгондор да катталган жок деди аталган мекеме.
3-апрелде Кыргызстанда 13 адам коронавируска чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталган. Бул күнү коронавирустан Бишкекте бир адам каза болгону кабарланды. 2020-жылдын мартынан бери өлкөдө 200 968 адам COVID-19 вирусу менен ооруду. 196 243 адам сакайып чыкты.
Илдеттен жалпы 2 991 адам көз жумду.
Ушул тапта 147 адам дарыланып жатат. Алардын 57си үйлөрүндө, 90 адам бейтапканада, 6 адамдын абалы өтө оор, 32 бейтаптын абалы оор деп сыпатталууда.
COVID-19 инфекциясы 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болуп, кыска убакта дүйнө жүзүн каптаган. Бүгүнкү күнгө чейин оорудан 6 млн. ашуун адам каза болуп, 500 млн. чукул киши вирус жуктуруп алган.
Өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, эки доза менен толук эмделгендер 1 миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 110 миңден көбүрөөк кишиге сайылды. (KS)
Дагы караңыз
“Урал аба жолдору” Кыргызстанга жаңы авиакаттамдарды ачуудаКыргыз эл артисти Марат Алышпаев дүйнөдөн кайттыХельсинки комитети Кыргызстандагы сөз эркиндигине байланыштуу билдирүү таратты