Рим Папасынын Украинага барышы күтүлүүдө

Рим Папасы Франциск.

Рим Папасы Франциск Украинага бара турганын маалымдады. Ал 2-апрелде Мальтага учуп баратканда жолулаш журналисттин бул тууралуу суроосуна жооп берип, бирок кайсы күнү барарын тактаган эмес.

Мурдарааак Украинанын президенти Владимир Зеленский Рим Папасын "согуш бүлүндүрүп жаткан өлкөгө" келип кетүүгө чакырган.

Рим Папасы Украинадагы согушту айыптап, кан төгүүгө эч кандай актоо жоктугун билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Дагы караңыз

Милиция акцияда кармалгандар боюнча түшүндүрмө бердиБишкекте Украинадагы согушка каршы чыккандарга иш козголдуНур-Султан Москванын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жардамдашпай турганын айттыКытай Украинадагы тынчтыкка өзүнчө салым кошорун билдирдиКызыл Чырым уюму Мариуполдон элди эвакуациялоого аракет кылуудаҮрүмчүдөн Кыргызстанга товар ташуу жандандыАКШ Орусия менен Беларустун дагы 120 ишканасын "кара тизмеге" киргизди