Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:05

Нур-Султан Москванын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жардамдашпай турганын айтты


Казак жана орус президенттери. Кремл, 10-февраль, 2022-жыл
Казак жана орус президенттери. Кремл, 10-февраль, 2022-жыл

Казак прездентинин администрация башчысынын орун басары Тимур Сулейменов "Нур-Султан Москвага санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бербей турганын" айтты. 29-мартта EURACTIV news медиа түйүнүнө берген интервьюсунда ал Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Орусия менен экономикалык кызматташтыгын уланта берерин кошумчалады.

Анын айтымында, Казакстан Орусияга инвестиция салууну жана ал өлкөдөн инвестиция тартууну токтотпойт, муну менен бирге санкция салынган товарларды көзөмөлдөйт. Казак бийлиги Москва менен алака-катнашты Батыштын санкцияларын бузбай жүргүзүү максатында мыйзамдарды өзгөртүүнүн үстүнөн иштеп жатканы да белгилүү болду.

Сулейменов Нур-Султан “Украинанын аймактык бүтүндүгүн урматтаарын, өлкө Крымдын аннексиясын, Украинанын чыгышындагы өздөрүн “ДНР” жана “ЛНР” деп атаган жикчил аймактардын көз карандысыздыгын “тааныбаганын жана мындан ары да тааныбасын” айтты.

«Казакстан ал жаңжалдын катышуучусу эмес. Ооба, биз Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсүбүз, бирок биз эгемен мамлекетпиз, Орусияга жана Беларуска салынган чектөөлөрдү сактайбыз. Алар менен бир себетте калууну каалабайбыз, тобокелдикке барбайбыз”, - деп билдирди казак бийлигинин өкүлү.

Расмий Нур-Султан нейтралдуулугун билдирип келгени менен, Орусиянын кошуна өлкөгө кол салуусун ачык айыптоодон карманууда. Казакстан ошондой эле украин жергесине гуманитардык жардам жөнөткөн.

Казакстан Орусиянын ири соода өнөктөштөрүнүн бири, эки өлкө ортосундагы чек ара 7600 километрди түзөт.

Орусия Украианага басып кирген 24-февралдан бери Батыш Москвага жана Минскиге каршы бир катар экономикалык, финансылык санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG