ЮНЕСКО: Украинада 53 маанилүү маданий жана тарыхый жайга зыян келтирилди

Тарыхый эстеликтерди аткылоодон сактап калуу аракети. Киев, март 2022-жыл

ЮНЕСКОнун маалыматына караганда, Орусия Украинага кол салгандан бери 53 маанилүү маданий жана тарыхый жайга зыян келтирилди. Алардын арасында 29 чиркөө, 16 тарыхый имарат, 4 музей жана 4 эстелик бар экенин 1-апрелде уюмдун жетекчисинин орун басары Эрнесто Оттоне Рамирез билдирди.

Бул тизме толуктанышы мүмүкүн, ушул тапта эксперттер маалыматтарды иликтеп жатышат. Келтирилген зыянды текшерүү үчүн ЮНЕСКО спутниктерден тартылган сүрөттөрдү жана күбөлөрдүн маалыматтарын колдонууда. Талкаланган жайлардын ондон көбү орус аскерлеринин катуу аткылоосуна туш болгон чыгыштагы Харьков облусунда, бешөө борбор калаа Киевде, дагы бешөө Черниговдо жайгашкан.

"ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле орус тышкы иштер министри Сергей Лавровго марттын башында жолдогон катында Орусия согуш учурунда маданий мурастарды коргоо конвенциясына кол койгонун эске салган", - деп билдирди уюм.

Маалыматка ылайык, адегенде Москва көпкө жооп кайтарбай, кийин милдеттенмелери тууралуу кабардар экенин, аларды “аткарарын” билдирген.

Дагы караңыз

Милиция акцияда кармалгандар боюнча түшүндүрмө бердиНур-Султан Москванын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жардамдашпай турганын айттыКытай Украинадагы тынчтыкка өзүнчө салым кошорун билдирдиКызыл Чырым уюму Мариуполдон элди эвакуациялоого аракет кылуудаАба ырайы: Күн 25 градуска чейин ысыйт