Садыр Жапаров Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 1-апрелде өлкөнүн мусулмандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий-экономикалык каатчылык маалында жалпы адамзат баласына кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тилөөгө чакырды.

“Ошону менен бирге, эзелтен эле кыргыз калкыбыздын улууну урматта, кичүүнү ызаатта деп чакырык салган каада-салттарын бүгүнкү муун дагы кынтыксыз улантып кетерине ишенем. Бабалардан калган кааданы улап, ата салтына уюп келе жаткан мекендештерибиз бири-бирин кечирип, бири-бирине болгон ымаласын арттырып, Мекенге болгон сүйүүсүн бекемделе берсин. Колу ачык, март жарандарыбыз калктын муктаждыктарын чечип, ажатын ачып, кайрымдуулук иштерине себепкер боло беришине тилектешмин”, - деди Жапаров.

Кыргызстанда Орозо айы быйыл 2-апрелде башталат. 28-апрелге караган түн Кадыр түн болот.

Жалпы мусулмандар ыйык тутуп, ниет кылган Орозо айы бир айдан кийин майрамдык Орозо айт менен жыйынтыкталат. (RK)

Дагы караңыз

Бишкектин таштанды талаасына бөлүнгөн акча кайда?Оштогу Бабур театрын толук жаңылоо иши сентябрда аяктайтБаткенде Өзбекстан салган мектеп ачылды Кыргызстан-Өзбекстан: Чек арадагы кызматташтык боюнча протокол кабыл алынды