Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:23

Оштогу Бабур театрын толук жаңылоо иши сентябрда аяктайт


Кыргыз жана өзбек өкмөт башчылары Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов Бабыр театрында. Ош шаары, 2022-жылдын 1-апрели.
Кыргыз жана өзбек өкмөт башчылары Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов Бабыр театрында. Ош шаары, 2022-жылдын 1-апрели.

Ош шаарындагы Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын жаңылоо иштери быйыл сентябрь айында жыйынтыкталат. Бул тууралуу 1-апрелде Ошко иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов имаратты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышканы барганда айтылды.

500 көрүүчүгө эсептелген театрдын имаратын жаңылоо иштери 2021-жылдын сентябрында башталган, ага өзбек өкмөтү 5 миллион доллар бөлгөн.

Театрды толук жаңылоо тууралуу макулдашуу президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы жазында Ташкентке сапары учурунда кабыл алынган.

Бабур атындагы театр – Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Ал 1918-жылы ачылган, 2004-жылы президенттин жарлыгы менен театрга академиялык деген макам ыйгарылган. Театрдын чыгармачыл жамааты 60тай адамдан турат. (RK)

XS
SM
MD
LG