Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Украинада орус аскерлеринин укугу бузулганы тууралуу маалыматтарды териштирүүгө чакырды. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан бул уюм мындай билдирүүсүнө 27-мартта интернетке тараган "украин аскерлери үч орус жоокеринин бутуна ок атып жатканын көрсөтөт" деген видео себеп болду.
"Эгер ырасталып калса, колго түшкөн жоокерлерди сабоо жана аларды бутка атуу согуш кылмышы деп саналат. Украина эл аралык гуманитардык мыйзамды одоно бузуу аракеттерин жазалай аларын жана алдын ала аларын көрсөтүшү керек", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындай видео тарагандын эртеси президент Владимир Зеленский украин аскерлеринин дарегине айтылган дооматтарга "олуттуу мамиле жасай турганын" жана бул окуя иликтене турганын айткан.
Буга чейин Human Rights Watch уюму Орусиянын Украинадагы аракеттери согуш кылмыштары деп эсептелип калышы мүмкүндүгүн да эскерткен. Буга Мариупол шаарындагы театрга сокку урулганын мисал келтирген.
Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Украинада катталган болжолдуу согуш кылмыштарды иликтей баштаган.
Дагы караңыз
Чехия орус дипломаттарын "чөгүп бараткан кемени" таштап кетүүгө үндөдүБишкекте Орусия жана Украина боюнча акция өткөрүүгө тыюу салындыФранцуз актёру Депардье орус президентин сындап чыктыБаткен: айыл башчылардын бөгөт чарасы 31-мартта каралмай болдуЖемкорлукту айтып чыккан мурдагы айыл башчылардын бөгөт чарасы каралууда