Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:23

Жемкорлукту айтып чыккан мурдагы айыл башчылардын бөгөт чарасы каралууда


Лейлектеги мурдагы айыл өкмөт башчыларын бошотууну талап кылган митинг. 25-март, 2022-жыл.
Лейлектеги мурдагы айыл өкмөт башчыларын бошотууну талап кылган митинг. 25-март, 2022-жыл.

Баткенде Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жер тилкелеринин мыйзамсыз менчиктештирилгени боюнча кармалган Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин бөгөт чарасы Лейлек сотунда каралмай болду.

Бул тууралуу 31-мартта “Азаттык” радиосуна алардын адвокаты Асылбек Кунгуров билдирип, прокуратура органдары койгон айып жана далилдер негизсиз экенин, баштапкы берене өзгөртүлүп жатканын айтты:

“Далилдери жетишсиз, ынанымдуу эмес. Соттук-бухгалтердик, соттук-курулуш-техникалык жактан мамлекеттик экспертизанын корутундусун алганда ошолор гана далил катары эсептелмек. Азыр иштин материалдарында андай нерсе жок болууда. Бирок ошого карабастан бөгөт чарасын караган сотко баштапкы “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренеден тез эле “Коррупция” деген беренеге айландырып алып барып жатышат”.

Адвокаттын айтымында, 2021-жылдын 26-августунда Баткен облустук прокуратурасы Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренесинин негизинде факт боюнча иш козгоп, тергөөнү улантуу үчүн аны Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүнө өткөрүп берген. Быйыл март айында журналист Ыдырыс Исаковдун бул айылдагы жер маселеси тууралуу иликтөөсүнөн кийин тергөө жанданган. Азыр ишти облустук прокуратура карап жатат.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев кармалганы 25-мартта белгилүү болгон.

Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылып, Эгембердиев менен Жалилов 3-апрелге чейин камакта калган.

Прокуратура соттон камак мөөнөтүн узартууну, ал эми адвокат аларды үй камагына чыгарууну өтүнүп жатышат.

24-мартта журналист Ыдырыс Исаков "Фейсбуктагы" баракчасына "Баткенде бүгүн коррупциянын жеңиши орун алды. Облустагы 34 айыл өкмөттүн ичинен эч кандай кен каздырбай туруп, айылды дотациядан сууруп чыккан Саатбек Эгембердиев камакка алынды. Аны менен кошо айылдагы мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди элге кайтарып жаткан жаңы айыл өкмөт башчы Бекжан Жалилов камалды" деп жазды.

Башкы прокуратура Жаңы-Жер боюнча иш кайсы берененин негизинде козголгону, иликтөө кандай жүрүп жатканы тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

23-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” Ыдырыс Исаковдун “Ютуб” каналына чыккан видеодогу менчиктештирилген мүлк боюнча текшерүү жүрүп жатканын, иш Башкы прокурор Курманбек Зулушевдин көзөмөлүндө экенин гана билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG