Чехиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын дипломатиялык кызматкерлерине ачык кат жолдоп, аларды кызматтан кетүүгө жана Украинадагы согушка колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырды. Бул документти министрлик жума күнү Твиттерге жарыялады.
Англис жана орус тилдеринде жазылган кат Орусиянын Чехиядагы элчилигинин кызматкерлерине гана эмес, орусиялык бардык дипломаттарга багытталган.
"Адилетсиз согуштун мизи кайтканда элитанын бул өкүлдөрү согуш кылмыштары үчүн жооптуу болушат. Орусия суверендүү коңшусуна алаамат алып келген аракеттери үчүн жоопкерчиликтин кесепетин тартат. Биз сиздерди, дили таза адамдарды чөгүп бараткан кемени таштап кетүүгө чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Орусиянын бийлиги жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү мындай ачык катка жооп бере элек.
Бул аптанын башында Евробиримдиктин Чехия сыяктуу бир нече өлкөсү тыңчылыкка шектелген бир катар орус дипломаттарын өз аймагынан чыгарууну чечкен. Бул мамлекеттердеги орус элчиликтери "достукка жатпаган" мындай кадамдарга жооп кайтарыла турганын эскертишкен.
Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Москва Украинанын түндүгүндө аба соккуларын басаңдатарын билдиргени менен бул аймактарда жана Украинанын чыгышында чабуулдарын улантып жатканы кабарланууда.
Дагы караңыз
Бишкекте Орусия жана Украина боюнча акция өткөрүүгө тыюу салындыБаткен: айыл башчылардын бөгөт чарасы 31-мартта каралмай болдуЖемкорлукту айтып чыккан мурдагы айыл башчылардын бөгөт чарасы каралууда Лейлекте жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларды колдогон акция өтүүдөСот жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларын камакта калтырды