"Проект": Путиндин дарыгерлеринин арасында онколог бар

Орусиянын президенти Владимир Путин.

"Проект" басылмасынын 1-апрелде чыгарган журналисттик иликтөөсүндө Орусиянын президенти Владимир Путинге онкологиялык ооруларды хирургиялык жол менен дарылоого адистешкен дарыгер көп келип турары айтылды.

Маалыматка ылайык, орус президентин ар кыл визиттерде коштоп жүргөн дарыгерлердин тизмеси басылманын иликтөөчүлөрүнүн колуна тийген. Путиндин жанында дээрлик туруктуу жүргөн дарыгерлердин арасында Борбордук клиникалык оорукананын кызматкери Евгений Селиванов болгон.

Улгайган кишилердеги калкан безинин рагын дарылоо ыкмалары жөнүндө диссертация жазган Селиванов соңку төрт жыл ичинде Путинди көрүү үчүн Сочи шаарына эле 35 жолу учуп келип, анын жанында 166 күн өткөргөн.

Сочиде жүргөн Путинге Селивановдун тышкары отоларингологдор Алексей Щеглов жана Игорь Есаков көп келген. Маселен, Щеглов төрт жыл ичинде Сочиге 59 жолу келип, орус президентинин жанында 282 күн болгон.

Иликтөөдө Путиндин кандай оорусу бар экени же ага кандай диагноз коюлганы так айтылган эмес. Бирок "Проектин" журналисттери Путиндин аркасына операция жасалганын же олуттуу процедура өткөрүлгөнүн, ал кезде Путин коомчулуктун көзүнө көп көрүнбөй калганын, ошондой эле соңку мезгилде элден оолагыраак жүрүүгө өзгөчө көңүл буруп калганын жазышты.

Мындан тышкары иликтөөчүлөр Путин Алтайга сапарында жаш бугулардын мүйүзүнөн алынган экстракт кошулган ваннага түшкөнүн да билдиришти.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путиндин саламаттыгы тууралуу мындай маалыматтарды "туура эмес" деп атап, алар "чындыкка дал келбейт" деп билдирди.

Дагы караңыз

«Айыл банкка» 271 миллион сом бөлүнүп берилдиЕвробиримдик менен Кытай виртуалдык саммит өткөрөтЛейлекте жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларды колдогон акция өтүүдөСербиядагы шахта кырсыгында кеминде сегиз киши каза тапты2-апрелдин аба ырайы