Сербиянын Соко көмүр шахтасындагы жарылуудан кеминде 8 киши каза таап, 20дай жумушчу жараат алды.
Расмий маалыматка ылайык, 1-апрелде таңкы саат 5тер чамасында шахтанын бир бөлүгү урап түшкөн. Ага метан газынын жарылуусу себеп болгону кабарланды.
Кырсык болгон аймакка жакын жайгашкан Алексинац медициналык борборунун башчысы Родолюб Зивадинович урандылардын алдында дагы жумушчулар болушу мүмкүндүгүн билдирди.
Анын айтымында, Соко шахтасынын бул бөлүгүндө 49 жумушчу иштеп жаткан.