УКМКнын кызматкеримин деген алдамчы кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өздөрүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкери деп тааныштырып, мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген Осмонали Эрматов аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 2022-жылы январда аталган жаран Равшан Суранов аттуу Тажикстандын жараны аркылуу Жангазы Сарыбаевдин ишенимине кирип, прокуратура органдары тарабынан жазык куугунтугун токтотууга сөз берип, 7500 доллар өлчөмүндө акча каражатын алганы айтылат.

Эрматов УКМКнын борбордук аппаратында иштерин, иш бөлмөсү атайын кызматтын төрагасынын иш бөлмөсүнө жакын жайгашкандыгын билдирген.

Бул факты боюнча Осмонали Эрматовго карата алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, аталган адамдар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМКнын басма сөз кызматы өткөн айда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы И.А.К. Ташиев менен мамилесине жамынып ишкерден опузалап акча талап кылды деп кармалганын билдирген.

Дагы караңыз

Өзбекстандын премьер-министри жумушчу сапар менен Кыргызстанга келдиСоттолгон бажычы Боронбаев Жогорку Кеңешке депутат болдуКыргызстанда оппозициялык кыймыл түзүлдү Оппозиция бийликке атаандаш болгусу келет