Токмок шаардык соту секелекти зордуктоого аракет кылган адамды 13 жылга кести

Иллюстрация сүрөт.

Токмок шаардык соту жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган адамды 13 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу кыздын адвокаты Есения Рамазанова билдирди.

"2021-жылы июнда тогуз жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган. Шектүү башында күнөөсүн мойнуна алып, кийин көрсөтмөсүнөн баш тарткан. Бирок сот дайындаган экспертиза зордуктоого аракет болгонун ырастаган", - деди адвокат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда "зордуктоо" беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен. “Жашы жете электерге карата зомбулук аракеттер” беренеси боюнча 54 факты катталган.

Дагы караңыз

Балыкчы-Кара-Кече темир жолу курула баштады“Элдик” депутаттар тобу Бишкектеги таштанды жайга барды Европага ишке чакырган алдамчылар Май айында кыргызстандыктар тогуз күн катары менен эс алат