Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 1-апрелге карата 200 946 адамды түздү. Оорудан жалпысынан 2989 бейтап көз жумду.
Ушул тушта ооруканаларда жаткан 86 адам жатат, алардын арасында алты бейтаптын абалы өтө оор, дагы 30 киши оор абалда. Үйлөрүндө 60тан ашык адам дарыланууда.
Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго жакын адам алды, ал эми толук эмделгендер 1,2 миллиондон ашты.
Дагы караңыз
Кумтөр: жылдык отчет, купуя келишимОппозиция бийликке атаандаш болгусу келетБалыкчы-Кара-Кече темир жолу курула баштадыКумаркана: талаштуу мыйзам коомдук талкууга чыкты Орус жарандыгы: муктаждык жана тобокелчилик