Жайкын тургундарды чыгаруу үчүн Мариуполго 45 автобус жөнөтүлдү

Украинанын Мариуполь шаары.

Украинанын түштүк-чыгышындагы орус күчтөрүнүн курчоосунда турган Мариупол шаарына 45 автобус жөнөтүлдү. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 31-мартта билдирди. Анын айтымында, украин бийлиги бул автобустар менен шаардагы жайкын тургундарды чыгарып кетүүнү көздөп жатат.

"Түндө биз Эл аралык кызыл чырым комитетинен Орусия Мариуполго Бердянск шаары аркылуу гуманитардык кербенге жол ачууга даярдыгын билдиргенин уктук. Биз Мариупол коридоруна 45 автобусту жөнөтүп жатабыз", - деди Верещук.

Орусиянын армия жетекчилери 31-марттын таңынан тарта Мариуполго ачылуучу гуманитардык коридордун коопсуздугун камсыздоо үчүн ок атышууну токтото турууга даярдыгын билдиришкен. Буга чейин мындай макулдашуулардын бир тобу толук аткарылбай калган.

Украинада согуш башталганга чейин 430 миңдей адам жашаган Мариупол шаарында украин күчтөрү менен орус армиясынын ортосунда бир нече аптадан бери айыгышкан кармаш жүрүп жатат. Орус күчтөрүнүн аткылоолору жана аба соккулары шаардагы төрөт үйүнө, өрт өчүрүү борборлоруна, маданий жайларга жана жайкын тургундардын үйлөрүнө тийип жатты.

Шаарда он миңдеген жөн-жай тургун калганы, алар электр жарыгы жок, тамак-аш жана суу тартыш абалда күн кечирип жатканы кабарланып келет.

Эгер орус күчтөрү Мариупол шаарына көзөмөлүн орнотсо, анда 2014-жылы аннексияланган Крым менен Украинанын чыгышындагы Москва колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарды кургактык аркылуу байланыштырганга мүмкүнчүлүк алышат.

Дагы караңыз

Зеленский Орусияга санкцияларды күчөтүүгө чакырдыКыргызстанда оппозициялык кыймыл түзүлдү ЕРӨБ: 2022-жылы Орусиянын экономикасы 10 пайызга төмөндөйтЫсык-Көлдө “Байрактар” менен машыгуу өтүп жатат1-апрелдин аба ырайы