Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандын аймагында бардык товарлардын баасы улуттук валютада көрсөтүлүшү керектигин эскертти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 30-мартта билдирди.
Товардын баасын улуттук валютада көрсөтпөсө, мыйзамга ылайык айып пул салынат.
Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстанда жана чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө улуттук валюталардын курсу олку-солку болууда. Кыргызстанда турак-жай, унаа базарларында соода негизинен АКШ доллары менен жүргүзүлөт.
Дагы караңыз
Украин өкмөтү орус күчтөрүн Чернобылдан чыгып кетүүгө чакырдыБишкекте 4-апрелден баштап жылуулук берүү токтотулатТүрк президентинин Ташкенттеги сапарында 10 документке кол коюлдуКой-Таш окуясы боюнча сот жарым-жартылай ачык өтүүдө