Бишкек финансы-экономикалык техникумунун жатаканасы өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ӨКМден билдиришкендей, учурда жатаканада чыккан өрт өчүрүлүп жатат.
2021-жылы Кыргызстанда үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 40ка чукул киши каза болгон. Өлкө боюнча 200дөй машине, 2 миңдин тегерегинде өрт өчүрүүчү бар.
Өткөн жумада Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа алынып келинди. Атайын техниканы алууга Дүйнөлүк банк көмөктөшүп, ал “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында ишке ашкан.
Дагы караңыз
Лондондо Дарига Назарбаевага таандык делген хансарай сатыкка коюлдуОңой оокатка азгырык: маңзат соодасына айыпталган мигранттарЗеленский: украиндер конкреттүү жыйынтыкка гана ишенетКыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш түзүлдү