Украинанын Николаев шаардык администрациясына орус армиясы урган ракеталык соккудан кеминде үч киши мерт кетип, жыйырмадан ашууну жаракат алды. Кара деңиздин боюнда жайгашкан облустун башчысы Виталий Ким соккудан имараттын жарымы талкаланганын жана урандылардын алдынан тирүү калгандарды алып чыгуу иштери жүрүп жатканын билдирди.
Украин расмий бийлиги 29-мартта маалымдагандай, орус армиясы Люботин шаарына ракеталык сокку уруп, бир нече турак-жайларды талкалады.
Ал эми Киевдин түндүк-батышындагы Ирпень шаарынын орус күчтөрүнөн бошотулганын калаа мэри билдирди. Бул маалыматты Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский ырастады.
Дагы караңыз Украина: Түндүк Корея миңден ашуун аскерин жоготтуМариупол шаарынын жетекчилиги билдиргендей, Азов деңизинин боюндагы стратегиялык шаар гуманитардык апааттын алдында турат жана жайкын тургундарды толугу менен көчүрүп кетүү зарыл.
Мэр Вадим Бойченконун айтымында, согуш башталгандан бери калаанын беш миңдей тургуну курман болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо азырынча мүмкүн эмес.
Ал арада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 29-мартта тараткан билдирүүсүндө Украинадагы аскердик операциянын биринчи баскычынын негизги максаттары ишке ашканын билдирди. Ал ошондой эле соңку эки аптада орус армиясы 600дөй чет элдик жоочуну жок кылганын кошумчалады.
Дагы караңыз
Next TV жарыялаган маалымат экстремисттик деп табылды, каналды жабуу өтүнүчү канааттандырылган жок Таласта сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылган фермерлер акцияга чыктыКремл Орусиянын өзөктүк курал колдонуу ниети жок экенин билдирдиПрокуратура Биримдик-Кут конушундагы 1,79 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди