Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Кремл Орусиянын өзөктүк курал колдонуу ниети жок экенин билдирди


Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков. Женева. 16-июнь, 2021-жыл.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков. Женева. 16-июнь, 2021-жыл.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков буга чейин орус президенти Владимир Путин өзөктүк курал тууралуу айтканы менен Украина жаңжалында аны колдонуу ниети жок экенин билдирди.

Бул тууралуу Песков Американын PBS телеканалына 28-марттын кечинде курган маегинде айтты. Ал эгер «эрежени сактабаган мамлекеттер орус газы үчүн рубль менен төлөөдөн баш тартса кандай болорун көрө жатышарын» билдирди.

"Албетте, биз кайрымдуулук менен алектенип, Европанын батышына газды бекер берүүнү көздөбөйбүз",-деди ал.

Орусиянын президенти Владимир Путин Борбордук банкка, өкмөткө жана «Газпромго» «дос эмес мамлекеттерден» газ үчүн акыны орус акчасы рубль менен алууну караган документтерди 31-мартка чейин даярдоону тапшырган.

Ушул эле күнү Германиянын энергетика министри Роберт Хабек «Чоң жетиге» кирген кубаттуу мамлекеттер Орусиянын бул талабын четке кагарын билдирди. Анын айтымында, Франция, Германия, Италия, Жапония, АКШ, Британия жана Канаданын расмий адамдары 25-мартта жолугуп, бул боюнча өз позициясын бөлүшкөн.

XS
SM
MD
LG