Бишкек менен Ош шаарларынын депутаттары отурган кичиавтобуска бак кулады

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдөн семинардан келе жаткан Бишкек жана Ош шаарынын депутаттары отурган кичиавтобуска шамалдан улам бак кулады. Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Мээрим Керимканованын айтышынча, кырсык Аламүдүн районундагы ГЭС-5 конушунда болгон, жабыркагандар жок.

Кыргызгидромет 29-мартта күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору тууралуу шашылыш кабар тараткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирип, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.

Дагы караңыз

Өтмөк ашуусу убактылуу жабылатАкыйкатчы абактагы наристелер үчүн тийиштүү шарт түзүлбөгөнүн билдирди Казакстанда "дядя Вованы жардамга чакырган" алып баруучуга кылмыш иши козголдуЭлдик курултай жөнүндө мыйзам долбоору талкууланууда